Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жагына кыйшаюу, бир жагына карата оордук абалда болуу. [Акбар] ооп түшүп калбагандай кылып куюшкандады да, торуну коё берди (Убукеев). Жыгылган оогонго күлөт (макал). 2. Бир жактан экинчи жакка которулуу; жер которуу. Ооган соң жүгүң бир жакка, Оңолбойт экен мындайда (Казыбек). Жеринен оогонго жети жылы конуш жок (макал). [Карышкыр] бир жактан ооп келген бейм дейм (Сыдыкбеков). 3. өт. Өтүү, багыт алуу, бурулуу. Сөз өлкө, фронт жагына оогондо, Андрей серпилип, чыйралды (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Таң калганда, өкүнгөндө ж. б. ички сезимин билдирүүдө колдонулат. – Оо, поезд келүүгө али көп бар экен, – деди [жүргүнчү] (Сасыкбаев). Оо, жапан тал, күүлө ырдын балдарын, Оо жалгыздык, эшик какпай төрүмө өт (Белеков). 2. Бирөөнү чакырууда же бирөөгө кайрылууда колдонулат. – Оо, сен кимсиң деди (Убукеев). Оо, казак эл, кеңпейили көрүнгөн, «Манаска» да көңүлдөрү бөлүнгөн (Акматалиев).